09:57
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Егор Паньшиндин өлүмү. Сотко чейинки текшерүү башталды

Бишкекте майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу, 44 жаштагы Егор Паньшиндин өлүмү боюнча сотко чейинки текшерүү башталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББ билдирди.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азырынча Егор Паньшин өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн деген божомол бар.

Егор Паньшиндин жакындарынын айтымында, ал эртең менен чуркаганы кетип, кайра кайтып келген эмес.

Ал Кыргызстанда Encounter форматындагы укмуштуу, чыгармачыл, интеллектуалдык оюндарды негиздеп, шаардык түйүндөрдү өнүктүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар