14:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сулуулук сынагын жеңген кыздан бейтааныш 3 кыз опузалап акча талап кылышкан

Жалал-Абадда сулуулук сынагын жеңген кыздан бейтааныш 3 кыз опузалап акча талап кылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак районунун М.Г. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 17-июнда Тазагүл аттуу кыз 2 шериги менен 17 жаштагы сиңдисин уруп, зомбулук көрсөтүшкөнүн айткан.

«Кыздар эч себепсиз Жасминадан 6 миң сом талап кылышкан. Тазагүл аттуу айым сулуулук салонунда иштейт, аларга тиешелүү чара көрүлүүсүн суранам», — деп жазган арыз ээси.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, жабырлануучу буга чейин сулуулук сынагынын жеңүүчүсү аталгандыгы аныкталды. Кылмыш иши ошого байланыштуу жасалышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Тазагүл аттуу кыздын буга чейин сот жообуна тартылгандыгы маалым болду. 26-июнда жабырлануучу кыздан кылмышка шектүү 5 миң сом акча алып жаткан учурда кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби