20:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда казино иштетүү үчүн экинчи лицензия берилди

Кыргызстанда казино иштетүүгө экинчи лицензия берилди. Ал "Достук"мейманканасында жайгашкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, лицензияны ЖЧК «Казино «Кристалл» алган. Андан бюджетке 84 миллион сом түшкөн.

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, ЖЧК ушул жылдын март айында кайра каттоодон өткөн. Анын жетекчиси Арсен Масалбеков, ал эми түзүүчүлөрү Сүйүнбек Үмөталиев, Назим Айткулов жана Чубак Асанов.

«Достук» мейманканасынын имаратында казино ачылары тууралуу алгач жайында парламентте сөз болгон.

2023-жылдын биринчи жети айынын жыйынтыгы боюнча казинолордон түшкөн салыктар 31 миллион 500 миң сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар