08:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Укук коргоо органдары оюн-зоок ишканаларынын ээлери менен чатакташкысы келбейт

Укук коргоо органдары оюн-зоок ишканаларынын ээлери менен чатакташкысы келбейт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында «Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы Бишкек экинчи Лас-Вегаска айланып калган.

«Казинолор жабылгандан кийин букмекерлик кеңселер ишке кирди. Азыр эми лотереялардын ишине тыюу салынганы менен алар баары бир иштеп жатышат. Биз андай клубтарды таап, милиция чакырсак, алар колун жайып, криминал менен байланышкысы келбегендигин айтып кетип калышат», —дейт Бүбүсара Рыскулова.

«Сезим» кризистик борборуна көбүнчө ата-энелер балдарын кумар оюндарынан сактоону өтүнүп кайрылышат.

Эң көп окулган жаңылыктар