20:30
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

АФК Кубогу. «Абдыш-Ата» клубу түркмөнстандык «Алтын Асыр» командасын утту

Кечээ Бишкекте футбол боюнча АФК кубогунун тайпалык этабынын биринчи турундагы беттеш болду.

Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

«Абдыш-Ата» (Кант) клубу түркмөнстандык «Алтын Асыр» командасын 3:0 эсебинде утту.

Голду Кайрат Жыргалбек уулу, Магомед Узденов, Эрнист Батырканов киргизди.

Учурда Кыргысзтандын командасы үч упай менен Е тобунун турнирдик таблицасынын башында турат. Турнирдин кийинки этабына топтун жеңүүчүсү гана чыгат.

Экинчи турда 5-октябрда «Абдыш-Ата » " Мерва " (Түркмөнстан) менен беттешет.

Эң көп окулган жаңылыктар