00:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

NASA: 2023-жылдын жай мезгили жердеги эң ысык мезгил болду

2023-жылдын жай мезгили жердеги эң ысык мезгил болгонун Американын космос агенттиги (NASA) билдирди.

Маалыматка ылайык, бул сезондо жайкы температура 1951-жылдан 1980-жылга салыштырмалуу Фаренгейт боюнча орточо 2,1 градуска жогору болгон.

NASA агенттигинин Годдард атындагы космостук изилдөө институту 2023-жылдын июнь, июль жана август айлары метеобайкоо тарыхындагы башка жайларга караганда Фаренгейт боюнча орточо 0,41 градуска ысык болгонун аныктады.

NASA изилдөө борборунун администратору Билл Нельсондун айтымында, температуранын рекорддук түрдө жогорулашы дүйнө жүзү боюнча коркунучтуу кесепеттерге алып келүүдө. Мисалы, Аризона жана бүткүл өлкөдө температуранын жогорулашы, Канададагы токой өрттөрү жана Европа менен Азиядагы катуу суу ташкындары.

Жер бетиндеги абанын температурасын өлчөө үчүн агенттик миңдеген метеорологиялык станциялардын, ошондой эле кеме приборлорунун маалыматтарын колдонот.

Буга чейин БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш глобалдык жылуулук доору аяктаганын, глобалдык кайноо доору башталганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар