12:09
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Азия Кубогу: Кыргызстандын курамасы Иран, Кытай жана Сирия менен ойнойт

Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылкы Азия Кубогундагы атаандаштары аныкталды.

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Кыргызстан «С» тайпасына жайгашып, Иран курама командасы, Сирия курама командасы жана Кытай курама командасы менен күч сынашат.

Маалыматка ылайык, Азия Кубогуна жалпысынан 24 команда катышып, алар 6 тайпага бөлүндү.

Кыргызстандын курама командасы бул турнирге өз тарыхында үчүнчү ирет катышат.

2027-жылдагы Азия Кубогу 7-январдан 5-февралга чейин Сауд Арабиясында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар