12:09
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Мөңгүлөр ыкчам ээрип жатат, окумуштуулар дарыяларда суу көтөрүлөрүн эскертишти

Гляциолог Гүлбара Оморова Кыргызстандын тоолорунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн кийин Панфилов жана Адыгене мөңгүлөрү активдүү эрий баштаганын билдирди.

Анын айтымында, 7-майдан 10-майга чейин адистер кар өлчөө иштерин жүргүзүп, тереңдиги 180 сантиметрге чейин жеткен кар казуусун изилдешкен. Талаа өлчөөлөрү кардын чоң запасы бар экенин көрсөттү. Ошол эле учурда кар катмарынын температурасы 0 градуска жакындап калган.

«Кар абляцияга — активдүү суу берүүгө даяр болуп калды», — деп белгиледи Гүлбара Оморова.

Бул Ала-Арча бассейниндеги дарыяларга эриген суулардын көп өлчөмдө куюла баштаганын түшүндүрөт.

Изилдөө учурунда мөңгүдөгү кардын калыңдыгы өткөн жылга салыштырмалуу кыйла өскөнү катталган. Кардын эң жогорку бийиктиги 250 сантиметрге, эң төмөнкүсү — 40 сантиметрге жетти. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кар катмарындагы суунун эквиваленти өткөн жылдагы деңгээлден болжол менен эки эсе жогору болду.

Адистер айыл чарбасы үчүн бул өзгөчө маанилүү мезгил экенин белгилешет, анткени суу ресурстарын туура пайдалануу жай айларында суунун тартыштыгын алдын алууга жардам берет.

Эң көп окулган жаңылыктар