13:18
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Ашуулардагы абал: Бүгүн кар майдалап жаап жатат

Бүгүн, 11-майга карата Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашууларында кар майдалап жаап жатат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тейлөө кызматтары тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Атайын техникалар тартылып, жолдун абалы көзөмөлгө алынган.

«Айдоочулардан жол эрежелерин жана унаалар ортосундагы аралыкты сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар