22:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Камчыбек Ташиев Баткенде чек арачыларга кызматтык батирлердин ачкычын тапшырды

Баткен облусунда № 2021 жана 2022 аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев катышты.

Лейлек районунунда «Кулунду» чек ара заставасынын комплексинин курулушу аяктап, офицерлердин үйлөрүн жана казармалык жайларды толук реконструкциялоо жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө чек арачылар эки жана үч бөлмөлүү ыңгайлуу батирлердин ээлери болушту.

Төрт-Күл айылында да чек арачыларга кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. 48 батирлүү турак үй пайдаланууга берилди. Объект жалпы аянты 300 чарчы метрди түзгөн жер төлөнү камтыйт, анда спорт зал, ошондой эле балдардын кошумча окуусу үчүн жайлар каралган.

УКМКнын Чек ара кызматы
Фото УКМКнын Чек ара кызматы

Кызматтык батирлер зарыл болгон тиричилик техникасы менен жабдылган.

Объекттердин курулушу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган.

Ачкычтарды тапшырып жатып, Камчыбек Ташиев ар бир аскердин кызматынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Эл силерге мамлекетибиздин коопсуздугун жана бүтүндүгүн ишенип тапшырды. Баткен облусунун, ошондой эле Кыргызстандын жана жалпы эле Борбордук Азиянын тынчтыгы ар бириңиздерден көз каранды. Мамлекет жетекчилиги сиздерден кынтыксыз кызмат өтөөнү гана талап кылбастан, чек арачылардын социалдык маселелерин өз убагында жана сапаттуу чечүүгө өзгөчө көңүл бурат», — деп айтты ал.

Учурда 2022 аскер бөлүгүнүн аймагында дагы бир турак үйдүн курулууда, ал келерки жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар