USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кыргызстандык оор атлеттер дүйнө чемпионатына катышты

14:41, 15 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчулар Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) өтүп жаткан оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.

Кыргызстандын атынан Эмил Молдодосов (89 килограммга чейин) жана Бакдөөлөт Расулбеков (102 килограммга чейин) чыгышты.

Жыйынтык боюнча Эмил Молдодосов 23-орунду 337 килограмм менен, Бакдөөлөт Расулбеков 16-орундау 376 килограмм менен ээледи.

Белгилей кетсек, Эр-Риядда өткөн Дүйнө чемпионатында Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн квалификациялык упай топтоого мүмкүн болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика