01:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жогорку сот Болот Темировго карата чыгарылган өкүмдөрдү күчүндө калтырды

Жогорку сот журналист Болот Темировдун адвокаттарынын арызын карады.

Буга чейин адвокаттар кылмыш курамынын жоктугу үчүн аны актоону суранышкан. Прокурор мурдагы инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтырууну талап кылган.

Соттук коллегия Болот Темировго карата өкүмдү күчүндө калтырды.

Эске салсак, 2022-жылдын 23-ноябрында журналист Болот Темиров соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылган. Өкүм жарыялангандан кийин дароо күч менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда аэропортко жеткирилип, учак менен Орусияга жөнөтүлгөн.

Буга чейин Свердлов райондук соту болот Темировду эки эпизод боюнча актаган. Ошондой эле жасалма паспорт боюнча иш эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен токтотулган, сот ага карата жаза чыгарган эмес.

Бир катар юристтер Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу мыйзамдарды жана Конституцияны одоно бузуу менен өткөнүн далилдешкен.

Эң көп окулган жаңылыктар