05:22
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

15-декабрда кайра Элдик курултай өтөт

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайды чогултуу боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык 15-декабрда 700 делегаттын катышуусунда жыйын өтөт.

Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына,Тышкы иштер министрлигине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, ошондой эле «Кыргызстан элинин Ассамблеясы» Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине (макулдашуу боюнча) тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар