19:31
USD 87.45
EUR 103.04
RUB 1.15

БШК Улан Сариевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия бүгүнкү жыйынында № 19 көп мандаттуу шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын Улан Сариевге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Улан Сариев № 19 көп мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

Эске сала кетсек, Абдылдабек Эгембердиевдин мандатынан баш тартуу жөнүндө жарыясынан кийин шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Рамис Жунусалиев Жогорку Кеңештеги ордун ээлейт деп күтүлгөн. Бирок, ал учурда алдамчылык боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында калууда. Жунусалиев өз ыктыяры менен мандатынан баш тарткан, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы аны № 19 шайлоо округунан каттоодон чыгарган.

Тизмедеги кийинки талапкер — Улан Сариев.

Улан Сариев 4746 добуш (11,23 пайыз) алып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча кезектеги талапкер болуп саналат. Ал Бишкек шаардык кеңешинин «Ынтымак» фракциясынан мурдагы мүчөсү жана «Кереге-Таш Трэвел» туристтик компаниясынын жетекчиси.

Ал мурда парламенттик шайлоолорго катышкан. 2023-жылы Ленин шайлоо округунда 29 талапкердин ичинен экинчи орунду ээлеген.

Эң көп окулган жаңылыктар