«Барселона» футбол командасынын капитаны Карлес Пуйоль бүгүн Бишкекке учуп келди.
«Манас» эл аралык арэропортунда күйөрмандар «Барселона» футбол клубунун жана Испания курама командасынын айтылуу коргоочусун тосуп алышты.
Эске салсак, 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда Barça клубунун атактуу оюнчулары менен Азия оюнчулары достук оюнун өткөрүшөт.
BarçaLegends командасынын курамында «Алтын топ», Дүйнө чемпионаты, «Алтын бутса» сыяктуу сыйлыктардын ээлери Роналдиньо, Ривалдо, Савиола, Клюйверта, Абидаля, Дзамбротта, Надаля, Франка де Бура, Попеску жана башка футболисттердин келиши күтүлүүдө.
Бугүн калган оюнчулар дагы Бишкекке учуп келишет.