18:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

1-октябрдан баштап мамлекеттик адвокаттардын маянасы эки эсеге көбөйөт

Юстиция Министрлиги адвокаттардын II съездинде айтылган президенттин тапшырмасын аткарды.

Министрлер кабинетинин токтому менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында иштеген адвокаттарга акы төлөөнүн жаңы тарифтери бекитилди.

1-октябрдан тартып адвокаттардын маянасы дээрлик эки эсеге көбөйөт.

Мисалы, кылмыш иши боюнча шектүү кармалган учурдан тартып сотко чейин коштогондугу үчүн эски тарифтер боюнча адвокаттар 15 миң сомдун тегерегинде алышчу. Жаңы токтомго ылайык, жогорудагы баскычтарга катышуу үчүн адвокат 30 миң сомдон 35 миң сомго чейин алат.

Токтомдун негизги максаты:

  • мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына тажрыйбалуу, компетенттүү адвокаттардын жаңы муунун тартуу;
  • алыскы региондордо жашаган калктын аярлуу катмарынын квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу, жарандардын сот адилеттигине жетүү укугун ишке ашыруу, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылуу;
  • мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттарынын жоопкерчилигин күчөтүү.

Эске салсак, адвокаттардын II съездинде президент калктын аярлуу катмарына квалификациялуу жардам көрсөткөн юристтердин айлыгын көтөрүү тапшырмасын берген.

Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү акысыз адвокат менен камсыз кылуу мамлекеттин көзөмөлүндө.

Адвокаттардын мамлекеттик реестринде жалпы 3 миң 769 адвокат катталган, анын ичинен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасындагы адвокаттардын реестринде болгону 441 адвокат иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар