21:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Тулпар» карталарын сатуу түйүндөрүн онлайн режимде көрсөткөн кызмат ишке кирди

Бишкек мэриясы Тулпар карталарын сатуу түйүндөрүн онлайн-режимде көрсөткөн кызматты ишке киргизди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

20-августтан тарта Бишкек шаарынын муниципалдык автобустарында жана троллейбустарында накталай эмес төлөмдөр гана иштеп жатат. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайы үчүн накталай эмес төлөмдүн кеңири жолдору сунушталууда.

Төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:

— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
— виртуалдуу NFC картасы;
— тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
— тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Көптөгөн жарандар Тулпар картасын сатып алууда кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын «Санариптик технологиялар борбору» ишканасы ыңгайлуу чечимди иштеп чыкты. Соода түйүндөрүнүн даректери камтылган атайын карта даярдалды. Бул карта «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү. Ал картаны сатып ала турган жакынкы жерлерди тез табууга жардам берет.

Картаны колдонуу үчүн:
— «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин ачуу;
— «Транспорт» кошумча барагына өтүңүз;
— Жогорку оң бурчтагы «Тулпар» белгисин басыңыз.

«Менин шаарым» мобилдик тиркемесин Play Market жана App Store аркылуу жүктөп алса болот. Тиркемени мурунтан эле колдонуп жүргөндөр анын эң акыркы версиясына жаңыртылганын текшерүүсү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар