19:47
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Пара менен кармалган УКМКнын тергөөчүсү 2 миллион сом айыпка жыгылды

Ири суммадагы пара менен кармалган УКМКнын Ош башкармалыгынын тергөөчүсүнө айып пул салынды. Бул жөнүндө 24.kgге өздүк булактары билдирди.

Чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган.

«Тергөөнү Башкы прокуратура жүргүзгөнү белгилүү. Тергөө бүткөндөн кийин, Ы.Т. Кылмыш-жаза кодексинин «ири өлчөмдө пара алуу» беренеси боюнча айыпталып, 2 миллион сом айыпка жыгылды», — деп билдиришти редакцияга.

Бишкек шаардык сотунан 24.kgге маалыматты тастыкташты. Ы.Т. өкүмгө каршы аппеляция берген.

Эске салсак, январь айында УКМКнын Ош башкы башкармалыгынын имаратына ИИМдин атайын күчтөрү кирип, операция учурунда атайын кызматтын тергөөчүсү кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 15 миң доллар пара алган.

Эң көп окулган жаңылыктар