21:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандык фуралар казак-орус чек арасынан өтө албай турушат

Орусиянын Казакстан менен чектешкен «Маштаково» чек ара бекетинде айрым кыргызстандык жүк ташуучулар өтө албай турганын кабарлашты.

Өзүн Хаким деп тааныштырган айдоочу 7-8-июль күндөрү жолдогу жүк ташуучулардын тыгыны 4-5 чакырымга чейин созулганын айтып берди.

«Бүгүн азайып калды. Кечээ 4-5 чакырым кезек болчу. Казакстандан, Кыргызстандан бара жаткандар бар. Мөмө-жемиштерди кое берип жатат. Турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды жүктөп бара жаткандар кармалып турат. Себеби белгисиз», — деди ал.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Орусиянын Бажы кызматы текшерүүлөрдү күчөтүп, узун кезек пайда болгонун жазган.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдарынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Кыргызстандык ишкерлер негизинен Кытайдан Орусияга товар ташышат. Ушундай эле тыгындар кыргыз-казак чек арасында маал-маалы менен болуп турат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы ага Кыргызстан менен Армения кошулган. Анда башкы артыкчылык бул өлкөлөр арасында бажы жана чек арада тоскоолдуктар болбой турганы айтылган.
Эң көп окулган жаңылыктар