15:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткендеги үйлөрдү курган «Келечек ЛТД» компаниясына кылмыш иши козголду

Баткендеги үйлөрдү курган «Келечек ЛТД» компаниясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Баткен шаарынын жашоочулары облустук милицияга арыз менен кайрылып, «Келечек ЛТД» курулуш компаниясы 5 млн. 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын бербей койгонун айтышкан.

Компанияга алдамчылык айыбы тагылууда. ИИМдин маалыматында, компаниянын жооптуу өкүлү Ш.Н. шектүү катары камакка алынды. Дагы бир өкүлү М.А. боюнча тергөө жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар