15:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Украинада согушуп жүргөн казакстандыкка кылмыш иши козголду

Казакстан улуттук коопсуздук комитети Украинадагы согушка катышкан Казакстан жарандарына карата сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен «Интерфакс-Казакстан» агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, тергөөнү УККнын Нур-Султан шаардык департаменти жүргүзүп жатат. «Чет өлкөнүн аймагында мыйзамсыз түрдө атайлап куралдуу жаңжалга же аскердик аракеттерге катышуу» беренеси боюнча иш козголду.

Бул беренеде беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Департамент казакстандыктардын аты-жөнүн жана алар кайсы тарапта согушуп жатканын кабарлаган жок.

Бул арада жергиликтүү басылмалар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарында өз ыктыяры менен форнтко катышып жаткан казакстандык бар экенин жазышты. Ал костанайлык Жасулан Дуйсембин экени айтылды.

Жасулан Дуйсембин «Азаттыктын» казак кызматына берген интервьюсунда Улуттук коопсуздук комитети иш козгогону тууралуу маалыматты 2-июнда көргөнүн, кеп өзү жөнүндө болушу мүмкүн экенин айтты.

«Эч кандай билдирүү болгон эмес, аты-жөнүмдү айтуудан коркушат, себеби мен алар үчүн кооптуумун. Эл мага кошулуп, мени угуп, көзүн ача баштады. Эгер алар менин аты-жөнүмдү айтышса, өздөрү уят болушат», — деди Дуйсембин.

Жасулан Дүйсембинден бөлөк Украинада согушуп жүргөн Казакстан жарандары жөнүндө маалымат жок.

Эң көп окулган жаңылыктар