16:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Он жылдан бери алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн аял Москвадан табылды

Он жылдан бери алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн аял Москвадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, кылмышка шектүүгө 2010-жылы Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан издөө жарыяланган.

«Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлдөрү Москва шаарынын милиция кызматкерлери менен биргеликте 1970-жылы туулган Баткен облусунун тургуну К.Д. аттуу аялдын жашаган жерин аныкташкан. Аны колго түшүргөн соң Кыргызстанга алып келишти», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар