21:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Санкт-Петербургда өзбек жаранын сабагандардын арасында кыргыз жараны дагы бар

Санкт-Петербург шаарында адам уурдоого шектелген төрт мигрант кармалды. Алардын бири — кыргыз жараны. Бул тууралуу «Мойка78» басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, адам уурдоо фактысы 22-июлда Обуховск коргонуу проспектисинде катталган. Күбөлөрдүн милиция кызматкерлерине берген тушүндүрмөлөрүндө, белгисиз эки адам келип азия улутундагы адамды күч колдонуу менен боз түстөгү Hyundai Solaris автоунаасына салып, качып кетишкен.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү төрт мигрантты колго түшүрдү. Алардын бири 24 жаштагы кыргыз жараны, калган үчөө 43, 39 жана 25 курактагы өзбек улутундагылар. Алар Ленинград жана Петербург аймактарында каттоодо жок экендиги аныкталган.

Кылмышка катыштыгы бар Кыргызстандык жаран шектүүлөр менен биргеликте 28 жаштагы өзбек жаранына кол салышкан. Алар жабырлануучуну бир нече ирет башка уруп, андан соң унаага салып окуя болгон жайдан из жашырып кетишкен.

Факт боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалды.

Эң көп окулган жаңылыктар