USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Жогорку Кеңештин алты депутаты Японияда жүрөт

09:55, 30 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Талайбек Масабиров, Шаирбек Ташиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Марлен Маматалиев жана Алишер Козуев Япония мамлекетинде иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Парламенттик делегация Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Эркинбек Осоевдин коштоосунда бир катар жолушууларды өткөрүүдө.

Алгач депутаттар, Гэн Накатани баштаган «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен баарлашып, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууда парламенттер аралык байланышты чыңдоо тууралуу сөз болду.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү Японияда эмгектенип жана окуп жүргөн кыргызстандыктар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угушту.

Муну менен катар жергиликтүү жетекчилер менен бирге экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүшүштү. Айрыкча, соода байланышын жакшыртуу жана инвестиция тартуу жаатындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика