04:28
USD 87.45
EUR 100.87
RUB 1.08

Кадыр Кошалиев Улуттук телерадиокорпорациясынан кызматтан кетти

Улуттук телерадиокорпорациясынын журналисти Кадыр Кошалиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу телекомпаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, УТРКнын этика жана тартип комиссиясы Кадыр Кошалиевдин мурдакы президенттер Курманбек Бакиев жана Аскар Акаевден алган маегине байланыштуу текшерүүсүнүн жыйынтыгын чыгара элек.

«Кадыр Кошалиев корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти», — дейт УТРК.

УТРК экс-президенттер менен маекти Кадыр Кошалиев корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келгендигин белгилейт. Аны тартууга техникалык каражаттарды жана башка чыгымдарды жабууга каражатты корпорация бөлүп берген эмес.

Белгилей кетсек, УТРК журналисти Кадыр Кошалиевдин мурдакы президент Курманбек Бакиев менен маеги коомдо кызуу талкуу жаратты. Таластан Элдик курултайга делегат болуп шайлангандар анын Элдик курултайдын төрагалыгынан отставкасын талап кылышты.
Эң көп окулган жаңылыктар