12:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Каныбек Иманалиев «Мозаик» программасын мектепке киргизүүнү сунуштайт

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектеп директорлорунун форумунда министр Каныбек Иманалиев мектептерге «Мозаик» билим берүү программасын киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, «Мозаик» билим берүү программасы Кыргызстандын мазмуну менен толтурулуп, окуучуларга STEM предметтерин үйрөнүүдөгү көндүмдөрүн, ошондой эле PISAдагы көрсөткүчтөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берип, Кыргызстандын тарыхы, география, Манастаануу, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сыяктуу стратегиялык предметтерди изилдөөгө жол ачат.

«Мен эки айдын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, мектептерге барып, сабактарга катышып, мугалимдер, директорлор, окуучулар жана ата-энелер менен сүйлөштүм. Аймактагы мектептер, ошондой эле шаардык мектептер жакшы мугалимдерге, окутуунун заманбап, кызыктуу жана сапаттуу кыла турган жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө муктаж. Мындан улам биз ыңгайлуу окутуу форматын издеп, дүйнөнүн 80 өлкөсүндө, өзгөчө пандемия убагында эбегейсиз зор тажрыйбага ээ болгон «Мозаик» билим берүү программасын аныктадык. Бул программа — заманбап, кызыктуу, натыйжалуу жана билим берүүчү! Биз санариптик технологияны тез өздөштүргөн жана колдонууну үйрөткөн балдарыбызга дал келишибиз керек», — деди министр.

Каныбек Иманалиев «Мозаик» билим берүү программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири билим берүүнүн бардык деңгээлинде (бала бакча — мектеп — кесиптик лицей — колледж — жогорку окуу жай) колдонулгандыгын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар