13:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

15-сентябрдан тартып окуу процесси салттуу тартипте өтөт

15-сентябрдан тартып билим берүү мекемелериндеги окуу процесси оффлайн-тартипте өтөт. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев белгилегендей, өлкөнүн билим берүү уюмдары 2021-2022-жаңы окуу жылына салттуу тартипте даяр жана окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөт.

Белгилей кетсек, оффлайн-тартипте окутууну баштоонун маанилүү шарттарынын бири — билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин 70 пайызын эмдөө. Бүгүнкү күнгө карата 55,8 пайызы COVID-19га каршы эмделген, бул 61 миң 457 адам.

Улукбек Марипов коллективдүү иммунитетин түзүү үчүн эмдөөнүн жүрүшүн күчөтүүнү жана пайызды 70 пайызга жеткирүүнү, ошондой эле окуучулардын жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү, алардын жылытуу мезгилине даярдыгы талкууланды.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышовдун айтымында, COVID-19 пандемиясына карабай, быйыл 59 мектеп жана 12 бала бакчанын курулушу аяктады.

Министрлер кабинетинин башчысы суук аба ырайынын башталышы менен бардык социалдык объектилер жылуулук менен камсыздалышы керектигин белгилеп, билим берүү уюмдарынын жылытуу системаларын оңдоону өз убагында бүткөрүүнү, ошондой эле аларды күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар