18:28
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Депутат эл аралык илимий олимпиадаларга даярдаган уюм түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Кыргызстанда эл аралык илимий олимпиадаларга даярдаган уюм түзүүнү жана бул жаатка көбүрөөк акча бөлүүнү сунуштады.

«2023-жылы спортко республикалык бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Жакшы жыйынтык болуп жатканын баарыбыз билебиз. Бирок бизде «билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди чыгат» деген макал бар эмеспи. Кыргызстанда буга көңүл бурулбай калганын көптөгөн эл аралык олимпиадалардын катышуучулары айтып жатат. Мисалы, былтыр илимий олимпиадаларга болгону 12 миллион сом бөлүнүптүр», — деди депутат.

Анын айтымында, акыркы жети жылда мындай олимпиадаларда кыргызстандыктар 36 медаль алып, бирок бир дагы алтын утушкан эмес. Ал эми Россия 197 медаль алган, анын 121и алтын, Казакстан 167 медаль уткан, анын 15и алтын, Өзбекстандын 55 медалынын бешөөсү алтын, ал эми Тажикстан 43 медаль уткан.

Ал эми олимпиадага катышууга дем берүү үчүн Казакстанда алтын медаль үчүн 9 миң 574 доллар, күмүш медаль үчүн 6 миң 383 доллар, коло медалга 3 миң 191 доллар берилет. Ушундай эле сумманы окуучуларды олимпиадага даярданган мугалимдер да алышат. Өзбекстанда биринчи орунду алган окуучуга 12 миң 234 доллар, күмүш медаль алганга 7 миң 340 доллар, коло медаль үчүн 4 миң 893 доллар берилет. Мугалимдерге да дээрлик ушундай эле сумма бөлүнөт. Кыргызстанда акчалай сыйлык мугалимдер үчүн гана каралган, бирок ал эч качан берилген эмес.

Депутат эл аралык олимпиадалар 14 предмет боюнча өткөрүлөрүн белгиледи. Кыргызстан алардын бешөөсүнө гана катышат.

«Кыргызстанда олимпиада 12 предмет боюнча өткөрүлөт. Бул эскирген система, эл аралык системага тиешеси жок. Билимди баалоо жана окууту усулдары борбору өткөрөт. Республикалык бюджеттен жылына 8 миллион сом бөлүнөт», — деди ал.

Элдар Абакиров эл аралык олимпиадага даярдоо уюмун түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүнө жылына кеминде 50 миллион сом бөлүүнү сунуштады. Ошондой эле ал 2029-жылы бир предмет боюнча эл аралык олимпиаданы Кыргызстанда өткөрүүнү демилгеледи.

«Ага катышуу үчүн 400-500 адам келет. Биз буга жакшы даярданышыбыз керек. Ошондой эле биз олимпиадалардын эл аралык системасына өтүшүбүз керек», — деп жыйынтыктады Абакиров.

Эң көп окулган жаңылыктар