02:19
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Аралыктан окуу — 1-класстын окуучуларынын ата-энелери үчүн чоң сыноо

2020-21-жылкы окуу жылынын башталышына аз калды. Билим берүү министрлиги үстүбүздөгү жумада гана сабактар кантип өтөрүн айтты: биринчи чейрек онлайн тартипте болот.

Аралыктан билим берүүнүн биринчи этабы араңдан зорго ишке ашканы маалым. Андагы кемчиликтер жоюлдубу? Тийиштүү программалар жана окуучу менен мугалимдин ортосундагы байланышты күчөтө турган жол-жоболор иштелип чыктыбы? Баланын сабакты өздөштүрүүсү кантип бааланат? Бул суроолор көпчүлүктү түйшөлтпөй койбойт.

Өткөн окуу жылынын акыркы чейреги чыккан эмес. Мугалимдер балдардын аралыктан окууда үй тапшырмаларын өздөрү аткарганына ишенбей баа коюшкан эмес. Бул жолу кандай болору белгисиз.

Айрыкча биринчи класска бара турган балдардын ата-энелери онлайн окууга кабатыр болууда. Анткени, партага олтуруп көнө элек баланы кантип өз алдынча билим алууга үйрөтүү керек?

24.kg бул боюнча айрым пикирлерди угуп көрдү.

Телесабактан бала тез тажайт

Акмаралдын уулу Бишкек шаарындагы гимназиялардын бирин май айында аяктады.

— Аралыктан окууну кыйын. Аны толук окуу деп айтуу кыйын. «Баластан» каналынан 15-20 мүнөт сабак болуп жатты. Андан кийин WhatsApp аркылуу үй тапшырмасын алабыз. Анын баары балама өзүбүз түшүндүрүп берип, аткардык.

Үйдө телевизор, оюнчуктун айланасында окууга көңүл буруу оор. Балдар сабактарды мультфильм катары көрөт дагы, эч нерсе түшүнбөйт.

2-3 сабактан кийин жадап, качып жөнөйт. Бала үйдө олтуруп, жалгыз сабактарды аткаргысы келбейт. Азыр онлайн окуу боюнча уккусу жок. Мектепке барам деп олтурат.

Ата-эне — педагог эмес. Баарын эле жеткиликтүү түшүндүрүп бере албайт экенбиз.

Аралыктан окуу — аргасыз амал экенин түшүнөбүз. Анүстүнө мугалимдердин көпчүлүгү орто жаштан өйдө болгондуктан албетте ооруп калуу коркунучу дагы бар.

Аралыктан окуу кайра жанданса, анда тапшырмаларды азайтуу керек. Албетте, окуу программасын артка тартат. Бирок, кийин анын баарын кайра карап чыкса болот.

Жыйынтык күтпөгүлө

Анна Рубанова жеке менчик мектепте иштейт. Анын учурда башы маң.

— Жазгы карантин кезинде балдар окуганды, санаганды жана жазганды билчү. Эми 5-6 жаштагы балдарды кантип телефон, компьютер аркылуу мектепке даярдайбыз.

Балага алгач партага олтурганды, калем сапты кармаганды үйрөтүш керек. Анын баарын алдыда туруп, ар бирине өзүнчө мамиле жасап көрсөтпөсөң, монитор аркылуу кантип түшүндүрө алабыз?

Демек баланын жанында чоң кишилердин бирөө болуш керек. Анда ата-эне иштебейби? Нөлүнчү жана 1-класстагы бала жалгыз өзү онлайн сабак жүргүзө албайт. Ата-эне калем сапты алып, биздин артыбыздан ар бир кыймылды кайталап, жазганды үйрөтө алабы?

Кичинекей балдарды онлайн окутуу — бул окутуу эмес. Жыйынтык күтпөй эле койгула.

Анна Рубанова

Кичинекей баланы компьютердин алдына олтур десеңер ал олтурабы? Анүстүнө аймактагы балдарда телефон эмес, телевизору, интернети жоктор кантет?

Билимден сырткары, мектепте бала тарбия алат. Ал өзүн коомдо алып жүрүүгө үйрөнөт. Теңтуштары менен мамиле түзгөнгө үйрөнөт.

Азыркы балдар ансыз деле көп убакытын телефондо өткөрүшөт. Аны менен алардын дене бою дагы өзгөрүүдө.

Жазында эки ай балдарды аралыктан окутуп, мугалимдер өз саламаттыгына канча зыян тийгизгенин билесиңерби?

Керели кечке компьютерде олтуруп, сабактарды текшерүү оңой эмес. Ага кошумча мектептин администрациясы, балдар, ата-энелер менен байланышта болуу керек.

Мен балдардын санын кыскартып, баарына бет кап тактырып, мектепти ачууну сунуштайт элем. Албетте мындай мамлекеттик окуу жайларда кыйыныраак.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби