Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулун экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, судья журналистти жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды.
Семетей Талас уулу өзү чечимге байланыштуу жогорку инстанцияга даттанар-даттанбасын адвокаттар менен кеңешкенден кийин чечерин маалымдады. Ал буга чейин сотто 2021-жылы Фейсбуктагы баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн күнөөлөп жатышканын айтып, бул үчүн кечирим сураган.
Семетей Талас уулун милиция 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

