Өзгөндө 12 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган 60 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, 60 жаштагы айыл тургуну 12-жашар кызды алдап, унаасына олтургузган.
«Карыя таксист болуп иштеп жүргөн. Аны кыздын туугандары кармап, милицияга өткөрүп беришти. Ал буга чейин дагы кызга карата ыплас аракеттерди жасап, коркутуп келгендиги айтылууда», — дейт милиция.
Кармалган жаран Ош шаарынын тергөө абагына киргизилди.