18:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ошто сот үчүн 120 миң сом талап кылган жактоочу кармалды

Ош облусундагы Өзгөн районунда пара алып жаткан жеринен жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

А.К. аттуу жактоочу мүлк талашына байланыштуу жарандык иш боюнча маселени оң жагына чечип берүү максатында Өзгөн райондук сотунун судьясына берүү үчүн 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Ал акчанын бир бөлүгүн 40 миң сом алып жаткан учурда колго түштү.

Эң көп окулган жаңылыктар