20:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Премьер: Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттин өнүгүүсүнүн экономикалык негизи

«Аймактарды өнүктүрүү — жалпы мамлекеттин гүлдөп-өнүгүүсүнүн экономикалык негизи». Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 2017-жылдагы жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районунун Аюу айылынын тургундары менен жолугушуп жатып билдирди.

Жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев бардык курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүттүүгө тийиш экенин белгиледи.

«Өткөн жылы бул калктуу пункттардын орду бош жаткан. Дээрлик бир жыл ичинде биз мындан аркы жашоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзө алдык. Электр жарыгы өткөрүлүп, таза суу киргизилди, мектеп жана жолдор курулууда. Өкмөт бул маселелерди кечиктирбестен чечүү милдетин коюуда», — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, быйыл инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чаралар планы бекитилген.

«Аймактарды өнүктүрүү — жалпы мамлекеттин гүлдөп-өнүгүүсүнүн экономикалык негизи. Өкмөт региондордо жашаган жарандардын бакубаттуулугун жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетин жумшайт», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эскерте кетсек, жер көчкөн соң, Аюу айылынын тургундары Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл жана Ынтымак айылдарына көчүрүлгөн. Учурда мында электр жарыгын киргизүү, ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана билим берүү объектилерин жана тийиштүү жол инфраструктурасын куруу иштери жыйынтыкталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар