03:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзгөндө тамактан ууланган балдардын абалы канааттандырарлык

Өзгөндө тамактан ууланган балдардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Ош шаардык ооруканасынын Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Кайрат Абжалов билдирди.

Анын айтымында, ууланган балдардын абалы канааттандырарлык жана жакында экөө ооруканадан чыгарылат. Ал эми үчөө дарыланууну улантууда.

Эскерте кетсек, 12-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда тамактан ууланган он жети киши ооруканага жаткырылган. Алардын арасынан 5 бала Ош облустук ооруканасына жаткырылып, үчөөнүн абалы оор болгондуктан кайра жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө которулган. Алар кышка даярдалып жасалган салаттан ууланган.

Эң көп окулган жаңылыктар