06:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзгөндүн жер көчкү коркунучу бар айыл тургундары көчөрүлүп баштады

Өзгөн районунда жер көчкү коркунучу бар айыл тургундары көчөрүлүп баштады. Бул өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Алардын маалыматында, Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай, Аюу, Заргер, Кайрат айылдарына жалпы 130 даана чатыр тигилди.

Зергер айыл аймагында 351 кожолук кооптуу участоктордо жашары аныкталса, алардын ичинен 106 кожолук мамлекет тарабынан берилүүчү жардамдарды жана жер тилкелерин алып көчүрүлгөндөр. 169 кожолук мамлекеттен жер да жардам да алып көчпөй олтурушат. 76 кожолук болсо такыр жер да жардам да ала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар