10:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Үч жолу жол эрежесин бузгандар кайра экзамен тапшырат

Жол эрежелеринин так сакталышына катуу көңүл бөлүнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, айдоочулук күбөлүктөрдү берилиши дагы контролдолот.

«Акыркы 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр туш келди сатылып келгенин билебиз. Бул эч кимге жашыруун деле эмес. Мен депутат болуп жүргөн мезгилде 16-18ге чыккан балдарына ата-энелери айдоочулук күбөлүктү белек кылып жаткандарына көп күбө болгом. Азыр ошолордун баары эл арасында машина айдап жүрүшөт да. Албетте, жол эрежесин толук билишпейт. Анткени ата-энеси күбөлүктү сатып берген», — дейт ал.

«Мен акыркы үч жылдын статистикасын эле мисал келтирдим. Канчалаган үй-бүлөлөр ондогон жылдардан бери жакындарын жоготуп зарлап олтуруп калышты. Ошондуктан «үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат» дегенди толук колдошубуз керек. Эгер жол эрежесин мыкты билсең, дароо тапшырып чыгып кетесиң. Билбесең — үйрөнөсүң. Күбөлүктү сатып алгандар ошентип оңолот. Анын эмнеси жаман. Мындан сырткары, айрым байлардын балдары ылдамдык 100 деп көрсөтүп турган жерден 240 менен айдап келгенин көрүп жатабыз. Эч жакка шашпаш керек. «Шашкан шайтандын иши» дейт. Акырын айдасаң, барчу жериңе ашып кетсе 5-10 мүнөт кечигип бараарсың. Андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Жол эрежесин сактап айдасаң, өзүңдү да сактайсың, башкаларга да коркунуч келтирбейсиң», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар