08:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Таш-Көмүр мэриясынын аппарат башчысы жол кырсыктан каза болду

Жол кырсыктан улам Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппарат башчысы Темирбек Мырзатаев көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККББ 24.kg агенттигине маалымдады.

Маалымат боюнча, кырсык 6-июнда болжол менен саат 17:00 чамасында Ак-Жол айылында болуп өткөн.

«Темирбек Мырзатаев өзүнүн жеке унаасын айдап бара жатып башкара албай калган, натыйжада машина ала салып кеткен. Унаада Чүй облусунун Сокулук айылынын тургуну дагы болгон. Ал эч кандай жаракат алган эмес», — деп жазылат маалыматта.

Окуя Кылмыш жана жоруктар реестрине катталды. Темирбек Мырзатаевдин сөөгүн 7-июнда Аксы районунун Аркыт айылында жерге беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар