15:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткенде жол кырсыгында эки киши каза болуп, бешөө жаракат алды

Баткен облусунун Исфана-Кайрагач жолунун 13-чакырымында жекшембиде Honda Stepwgn жана Honda  Fit үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, жол кырсыгында эки эркек киши каза болуп, жети адам жаракат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаада кыпчылып калган кишинин сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен. Жабыркагандар "Тез жардам" менен Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар