09:16
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Дубайда мурдакы өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрү төрт саатка уланган

Дубайда мурдакы өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрү төрт саатка уланган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жолугушуунун алдында ар бир өлкө башчысы менен өз-өзүнчө сүйлөшүү жүргөн.

«Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти», — дейт Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө, жолугушуунун катышуучуларынын баары аягына чейин олтурган.

«Менден кийинки сөздү улуулашып Аскар Акаевич улады. Андан соң баары сөз сүйлөп, «ынтымакка келели, бир муштум болуп биригели» деген демилгемди колдоп кубатташты. Баары 4 саатка жакын убакыт жакшы олтуруп, анан тарап кетишти», — дейт президент.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев жолугушуунун аягына чейин чыгып кеткенин айткан.