12:22
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«ЖМКлар жөнүндө» мыйзам долбоорун артка чакыртып алууга үндөшүүдө

«Медиа Полиси Институту» уюму президенттик администрация тарабынан даярдалган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорунун бешинчи редакциясына талдоо жүргүзүп, долбоор Баш мыйзамга жана эл аралык келишимдерге каршы келерин билдирди.

Фонддун 13-июнда тараткан билдирүүсүндө, долбоордун буга чейинки редакциялардында жумушчу топ менен бирге ар бир берене боюнча деталдуу талкуу жүрбөгөнү, президенттин администрациясы эркин медиалардын ишмердигине тобокелчилик жарата турган нормаларга көңүл бурбай келгени жазылган.

Билдирүүдө мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы эркин жалпыга маалымдоо каражаттарына басым жасай турган олуттуу укуктук курал болуп калышы мүмкүн экени айтылат. Фонд мамлекеттик мекемелер бул мыйзам менен «жактырбаган» ЖМКларды каттоодон баш тартууга укук алат" деген тынчсыздануусун билдирген.

«Медиа Полиси Институту» жазгандай, долбоордун жаңы редакциясына ылайык, медиага тиешеси жок коммерциялык багыттагы веб-сайттар дагы ЖМК катары каттоодон өтүшү керек болот. Долбоордун авторлору сайтты каттоого алуунун механизмдери так көрсөтпөгөнү жана провайдерлердин мүмкүнчүлүктөрүн эске албаганы да жазылган.

«ЖМКлардын ишин жөнгө салууда Юстиция министрлигинен, Санарип өнүктүрүү министрлигинен жана прокуратурадан келе турган «эскертүү» түшүнүгү кирди. Долбоордогу бул түшүнүк эч жерде түшүндүрүлгөн эмес. Мыйзам долбоорунун автору ЖМКнын ишмердигин токтотууда текшерүү-көзөмөл укугуна ээ үч мамлекеттик органды аныктаганы менен, алар кандай шартта иштей турганын тактаган эмес».

Азыркы шартта ЖМКлардын ишмердигин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты көзөмөлдөө укугуна ээ экенин, жаңы долбоорго ылайык бул укук дагы үч мамлекеттик мекемеге берилчү болсо, сөз эркиндигине, эркин медиалардын ишине коркунуч жаралары эскертилген.

Талдоодо соңку редакцияга журналисттерди аккредитациялоо түшүнүгү да киргени жазылган. Бул сунуш ишке аша турган болсо, «кайсы бир мамлекеттик мекеменин имаратына же иш-чараларына медиа мекемелердин гана кызматкерлери катышып, эркин журналисттерге чектөө көбөйөт» деп айтылат.

«Долбоордун 52-беренесинде коомдук кайрылуулар деп санала турган так жайлар көрсөтүлүп жатат. Буга комитеттердин жыйындары, убактылуу комиссиялардын, фракциялардын, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин жыйындары, съезддин делегаттарынын кайрылуусу, конференциялардагы, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын пленумдарындагы жана маалымат жыйындардагы кайрылуулар кирет. Эми президенттин же парламентарийлердин социалдык тармактардагы баракчаларына жазган билдирүүлөрү ЖМКларды жоопкерчиликтен куткарбайт», — деп жазылган.

Талдоодо айтылгандай, азыркы мыйзамда ЖМКлар түз эфирде айтылган маалыматты колдонгон учурда такталбаган маалымат үчүн жоопкерчилик албайт.

«Медиа Полиси Институтунун» мыйзам долбоору тууралуу талдоосу боюнча мыйзамдын демилгечиси болгон президенттин администрациясы комментарий бере элек.

Президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндө мыйзам долбоорун жумушчу топтун мүчөлөрү менен макулдашпай эле 15-майда коомдук талкууга чыгарган. 16-майда белгиленген жыйын үзгүлтүккө учураган. Буга жумушчу топтогу медиа тармактын өкүлдөрүнүн президенттик администрацияга нааразылыгы себеп болгон.

Президенттин администрациясы былтыр ноябрда «Жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер долбоорго камтамчылыгын билдирген.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар