06:53
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Абактагы төрт журналист үй камагына чыгарылды

«Арча Медиа», Temirov Live жана «ПолитКлиника» редакцияларынын төрт журналисти үй камагына чыгарылды. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков, көз карандысыз журналист Жоодар Бузумов жана оператор-монтажер Максат Тажибек уулу сот залынан бошотулду.

Сайпидин Султаналиевдин адвокаты Нурсултан Жаныбеков анын күнөөсүз экенин далилдей турганын билдирди.

Белгилүү болгондой, бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү сотко тергөөчү берген.

16-январда Temirov Live медиасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалып, 13-мартка чейин Бишкектин № 1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Эскерте кетсек, буга чейин сот Сапарбек Акунбеков менен Акыл Орозбековду үй камагына чыгарган. Жумабек Тургуналиев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков жана Махаббат Тажибек кызы камакта калды.