USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүшкө чыккандар багытын өзгөрттү

17:55, 25 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Филармонияны көздөй бараткан жөө жүрүштүн катышуучуларын милиция орто жолдон токтотту.

Бишкек шаардык ИИББ башчысынын орун басары Тилек Тукебаев М.Горький атындагы багынан башка жерге акция өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын эскертти.

Мындан улам, акцияга чыккандар багытын өзгөртүп скверди көздөй бет алышты. Жөө жүрүшкө чыккандардын катары көбөйүп 300 гө чукулдады.

23-ноябрь күнү Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал ошол замат аэропортко жеткирилип, Россияга жөнөтүлгөн. Бир катар эл аралык уюмдар буга кабатырлыгын билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика