14:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2022-жылы Кумтөрдө 17,3 тонна алтын өндүрүлдү

2022-жылы Кумтөрдө 17,3 тонна алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчиси Алмаз Барыктабасов 7-февралда президент Садыр Жапаров катышкан жумушчу кеңешмеде билдирди.

Президенттин сайтына жарыяланган маалыматта компания жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөр үчүн 32,1 млрд. сом которгону, бул пландан 6,6% көп экени айтылат.

Бул арада Кумтөр кениндеги калдыктар кайра иштетиле турганы да айтылды. Алмаз Барыктабасовдун билдиришинче, 2026-жылдан тартып калдыктарды иштетүүдөн жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алына баштайт. Калдык сактоочу жайда 3,5 млрд. долларлык алтын бар деп бааланып жатат. Кендеги кайра иштетүү иши 2040-жылга чейин жүрөт.

Эсептөө палатасы 3-февралда «Кумтөр» компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин Теңгиз Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган. Анда «Кумтөр» бул убакыт аралыгында «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоого 1,9 миллион доллар короткону аныкталган. Акчанын көбү — 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар короткон, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн. Кеңсе эмеректерин алууга, дизайнын иштеп чыгууга 2,3 млн. доллар короткону белгилүү болгон.

Мындан сырткары «Кумтөр» компаниясы улуттук холдингге 32 долбоорду ишке ашырууга каражат бөлгөн.

Теңгиз Бөлтүрүк кийин адвокаты Кайсын Абакиров аркылуу бул маалыматтарды четке каккан билдирүү таратып, Эсеп палатасынын отчетун «коомдук аң-сезимди манипуляциялоого багытталган» деп баалаган.

Башкы прокуратура «Кумтөрдү» 2022-жылдын августунда текшере баштаган жана жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Теңгиз Бөлтүрүк баштаган айрым кызматкерлер сентябрда камалган.

Канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде «Кумтөр Голд Компанинин» 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен «Центерра Голд» доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан «Центерра Голдго» акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар