22:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров: Акылбек Жапаров кызматтан кетпейт

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров кызматтан кетпейт. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, Акылбек Жапаровду каралоо аракети көрүлүүдө.

«Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт. Ансыз да 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырып, Гиннес китебине киргендей болдук. Азыр мамлекеттик түзүлүш, мамлекетти башкаруу системасы мурдагыдай эмес, башкача. Албетте, мамлекет башчы катары анын ар бир кадамына тыкыр көз салып карап турам. Туура эмес кетип баратса, «бул жерден туура эмес кетип бара жатасыңар, Өкмөт, токтогула» деп жол көрсөтүп турам», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар