12:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Киев батыш өнөктөштөрүнөн 140 танк алат

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киев батыш өнөктөштөрүнөн 140тай танк аларын билдирди.

«Эл аралык танк коалициясында 12 катышуучу бар. Алардын айрымдары ички процедураларга шайкеш тиешелүү чечимдерди кабыл алууга тийиш. Биринчи айлампада 120-140 танк алабыз деп күтүп жатабыз», — деди ал.

Анын айтымында, бул — Leopard 2, Challenger 2 жана M1 Abrams танктары. Украина Leclerc танкын алууга да үмүттөнүүдө.

20-январда Германияда Украинанын өнөктөштөрүнүн катышуусунда «Рамштайн» форматындагы жыйын өткөн. Анда Украинага кезектеги аскердик көмөк берүү маселеси талкууланган.

АКШ 90 Stryker бронетранспортерун, 59 Bradley унаасын, Avenger абадан коргонуу системасын, 350 HMMWV машинесин жана 31 Abrams танкын берет. Германия Киевге 14 Leopard танкын берип, башка өлкөлөргө да Германияда жасалган танктарды жөнөтүүгө уруксат берди. Польша Украинага 14 Leopard жана башка 60 танк берет.

Эң көп окулган жаңылыктар