19:07
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Викрам Рузахуновдун ишин тергөө токтогону жөнүндө маалымат тастыкталган жок

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Казакстанда кыйноого кабылганы боюнча бул өлкөдө козголгон ишти тергөө токтогон жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Казакстандагы адвокаттарына таянып Рузахунов өзү билдирди.

Музыканттын адвокаты Бакытбек Автандил да тергөө уланып жатканын, жакында Рузахунов Алматыга барып келерин айтты.

24-январда казакстандык айрым маалымат каражаттары өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берип Рузахуновдун жана Чолпонбек Сыдыковдун иши боюнча тергөө токтогонун, буга күнөөлүүлөр аныкталбаганы себеп болгонун жазып чыгышкан.

Былтыр Казакстандагы январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабашкан. Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана кое берип, Бишкекке жөнөтүшкөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда ошол жылдын 8-январында кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери аны талап-тоноочулук жана башаламандык айыптарын мойнуна алууну талап кылышкан. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.