Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Аскарбек Шадиевдин «Карвент четыре сезона» пансионатындагы үлүшү мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов.
Депутаттын айтымында, буга чейин үлүштү мамлекеттик каттоосуна алууга тоскоолдуктар болуп келген.
«Бүгүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы Шадиевге тиешелүү 33 пайыздык акцияны мамлекетке каттады. Бул акция 2020-жылы башка мүлктөр менен бирге мамлекеттин карамагына өткөн», — дейт ал.

