20:11
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Кайсы өлкөнүн президенти кыргызстандыктарга суктанган?

Элдик курултайдын экинчи күнүндө ишти жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров делегаттардын эки күн боюнча берген суроолоруна жооп кайтарды. Курултайда чек ара маселесин көтөргөндөр көп болду.

Президенттин айтымында, жакында Бишкекте Тажикстан менен чек ара боюнча документке кол коюлат.

«Буюрса, чек араны чечебиз. Өзбекстан менен чечишип, чекитти койдук. Тажикстан менен дагы алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик. Бирок, кол коюла элек. Жакында бизге келишет. Бишкектен кол коюшат. Андан кийин парламентке алып барып, өткөрүп чекит коебуз. Азыр алар менен ок атышпайлы деп сүйлөштүк», — деди президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле, өлкө башчысы акыркы чек ара окуяларында кыргызстандыктардын ынтымагына чет өлкөлүктөр суктанганын кошумчалады.

«Баткен окуясынан кийин мен чет өлкөгө саммитке бардым. Атын атабай эле коеюн, бир коллегам колумду кармап туруп «сеникиндей элдин жерин жөн эле басып алам деген акылсыздык» — деп айтты. «Мындай ыкчам уюшулган ынтымактуу элди эч ким баса ала албайт» — деди. Мен дагы абдан кубандым», — деди президент Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар