15:10
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

УКМК кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат таратууда жоопкерчиликке чакырды

УКМК журналист жана блогерлерди кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат таратууда жоопкерчиликке чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК айрыкча аскерлер жана аскердик техникалардын жайгашкан жерлерин, алардын жылып жүрүүсүн чагылдырбоону өтүнүүдө.

Учурда Чек ара кызматы жана башка түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда жана түзүлгөн кырдаалды тезирээк чечүү аракетин көрүүдө.

Башка учурда болсо мейли, бирок ушундай оңой эмес кырдаалда айрым блогер, журналисттердин кыргыз Куралдуу Күчтөрүнүн дараметинен күмөн санаган (кыргыз аскерлеринин унааларында бензин жок калыптыр деген сыяктуу) пост, билдирүүлөрдү чыгарып жатканы өкүндүрөт. Анткени бул жалган жана чагымчыл маалымат. Кыргыз жоокерлери материалдык-техникалык жактан толук камсыздалган. Кыргыз тарапта тажик тараптын агрессиясына жараша жооп бергенге аскердик да, курал-жарак, техникалык да күчтөрү жетиштүү. Ошондой эле сиздерден такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар