15:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан кабарлашты. Мыйзамды парламент июнь айынын аягында кабыл алган эле. Анда креативдик деп аталган чөйрөдө иш алып барган ишкер, жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган.

Аларга архитектор, дизайнерден тарта блогер, музыкант, журналист, жарнама, графика, анимация сыяктуу 15ден ашык жаңы багыттагы иш жүргүзгөндөр киргизилген. Дал ушул тармакта иштегендер Креативдүү индустрия паркына мүчө болуп кирип, салык, социалдык төлөмдөр жаатында жеңилдиктерге ээ боло алышат. Ал үчүн өз ишин ачык жүргүзүшү зарыл.

Быйыл апрелде «Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлык чыккан эле. Анда креативдүү экономика Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган. Муну менен катар, министрлер кабинети креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекиткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума